Журналист жана КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалды. Бул туурауу анын жакындарына таянып бир катар басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Айтикеев 10-октябрга чейин камакта болот. Ал кайсы иштерге айыпталып жатканы азырынча белгисиз.
Мирбек Айтикеев 7-август күнү ишке ашпай калган Атамбаевди кармоо опперациясы учурунда Кой-Таштан «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бир нече маалыматтарды жазып турган.
Белгилей кестек, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапташы кармалган. Аларга “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча айыптар тагылган.
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камалган.