logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Журналист Ыдырыс Исаков УКМКга суракка чакырылды

Журналист Ыдырыс Исаков УКМКга суракка чакырылды

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин кармалышы боюнча күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Бул тул тууралуу Исаков өзү Reporter.kg сайтына ырастады.

Буга чейин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин мыйзамсыз иштери, ири байлыктары тууралуу иликтөө жасаган болчу. Анда Токоев Финполго кызматка киргенден тарта анын туугандарынын байлыктары тездик менен өскөнүн көрсөткөн.

Кийин УКМК Айбек Токаевди мыйзамсыз баюуга айыптап камакка алган. Иликтөөнүн жыйынтыгында Токаевдин туугандарына катталган мүлктөрдүн жалпы баасы  4 млн доллардан ашык экени аныкталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>