Быйыл сегиз айда Кыргызстанда пенсияны төлөөгө 36 млрд 441,6 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Август айында пенсияны төлөө үчүн 4 млрд 566,6 млн сом жумшалган.
Аймактар боюнча алганда сегиз айда төлөнгөн пенсия:
— Бишкек — 5 млрд 885,5 млн сом;
— Чүй облусу — 5 млрд 503,5 млн сом;
— Нарын облусу — 2 млрд 896,1 млн сом;
— Ысык-Көл облусу — 3 млрд 309,2 млн сом;
— Талас облусу — 1 млрд 508,6 млн сом;
— Ош — 1 млрд 304 млн сом;
— Ош облусу — 6 млрд 680,7 млн сом;
— Баткен облусу — 3 млрд 84 млн сом;
— Жалал-Абад облусу — 6 млрд 270 млн сом.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда