Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев мамкомиссиянын корутундусуна макул эмес

Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев мамкомиссиянын корутундусуна макул эмес

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин ачык билдирүү таратты. Билдирүү Атамбаевдин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

Сагымбаев билдирүүсүндө Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн корутундусуна макул эместигин жазган.

«Мен, Канат Сагымбаев 7-8-августта болгон да камтылган карандай калп, бир тараптуу жана бийликке жагалданып чыгарылган чечимдерге макул эмесмин!

Комиссиянын курамы экс-президент Алмазбек Атамбаевге жекече кеги бар адамдардан түзүлгөнүнүн өзү акыйкатсыздык деп эсептейм жана аталган корутундудагы мага тиешеси бар эки суроо боюнча коомчулукка чындыкты айтууну туура көрдүм. Жогорку Кеңештин депутаты М.Ю. Абдылдаевдин: «Сагымбаев өз милдетин аткардыбы? Ага эскертилдиби беле?» деген суроосуна УКМКнын төрагасы баш болуп беттери кызарбай туруп: «Милдетин аткарган жок, ага алдын ала эскертилген болчу», — деп карандай калпты айтып жооп беришти.

Чындыкты айта албай жоопкерчиликтен буйтаган, бийликке жагынуу үчүн мендей кызматкерлерин каратып туруп садага чапкан ушундай жетекчилер мамлекетти, элди жыргатабы?!», — деп жазган ал.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевге каршы бере турган көрсөтмөсү жок экенин жана ал кызматтык милдетин так аткарганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>