Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстан атыр экспортун 86 эсеге көбөйттү
03.07.2025 | 10:45
Кыргызстан 2025-жылдын январь-апрель айларында атыр продукциясынын экспортун 86 эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, төрт айдын ичинде өлкө сыртка 8,6 тонна атыр экспорттогон. Былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 0,1 тоннаны түзгөн.
Негизги кардарлар — Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү. Алардын ичинен эң ири импорттоочулар — Казакстан (7,4 тонна) жана Россия (1,2 тонна).
Атыр экспорту боюнча мындай олуттуу өсүш Кыргызстанда бул тармактагы өндүрүш кеңейип жатканын жана аймактык базарларда ата мекендик продукцияга болгон суроо-талап жогору экенин көрсөтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: экспорт