Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Июнь айында Ооганстандын темир жолдору аркылуу 312 миң тоннадан ашык жүк ташылган
03.07.2025 | 10:36
Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башынан бери Ооганстандын темир жол каттамдары аркылуу 312 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Бул тууралуу “Караван-инфо” маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, экспорттун негизги бөлүгүн айыл чарба продукциясы жана кайра иштетилген азык-түлүктөр: кургатылган жемиштер, ширелер түзгөн.
Жүктөр көп өткөрүлгөн тилкелер:
- Өзбекстан менен чектешкен чек ара бекети аркылуу: 242 миң тоннанын тегереги;
- Түркмөнстан менен чектешкен өткөрмө бекеттери аркылуу (Торгунди жана Акина): 45 миң тоннанын тегереги.
Ал эми Ооганстандын өзүнө 4,9 миң тонна тегерегиндеги коммерциялык товарлар киргизилген.
“Жыл башынан бери түндүк темир жол багыттары аркылуу афган жеткирүүчүлөр тарабынан 1,4 миллион тоннадан ашык жүк өткөрүлдү”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар