•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол”фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттине суракка кирип кетти. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Сулайманов “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү айрым фактылардын алкагында күбө катары суракка чакыртылган. Буга чейин УКМК иликтөөгө катышы бар  бардык адамдардын суракка чакрытыларын билдирген.

21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Иликтөөдө айтылган айрым фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн.

фото:24.kg

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *