Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Жеке клиникалар эмгекке жараксыздык баракчасын электрондук түрдө бере башташат
03.07.2025 | 16:49
Кыргызстанда жеке медициналык мекемелер эми эмгекке жараксыздык боюнча баракчаны (больничный) электрондук түрдө берүүнү башташты. Бул жаңылык Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан пилоттук режимде ишке киргизилди.
Эми бейтаптар mis.med.kg платформасына катталып, жеке логин жана пароль аркылуу кирүү менен өзүнүн электрондук больничныйын ала алышат. Бул система дарыгерлер менен бейтаптар ортосундагы маалымат алмашууну жеңилдетип, кагаз түрүндөгү бюрократияны кыскартууга багытталган.
Министрлик бул ыкма келечекте бардык медициналык мекемелерге жайылтыларын билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар