Атамбаев келбей, Батукаевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды

Атамбаев келбей, Батукаевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залына келбегендиктен, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу өтө турган соттук отурум 15-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттон кабарлашты. 

Буга чейин 11-октябрга белгиленген алгачкы отурум Атамбаевдин келбегендигине байланыштуу 14-октябрга жылдырылган эле.

Атамбаев бул иште негизги айыпталуучу болгон 4 адамдын бири. Мурдагы президенттен сырткары 3 адамга “Коррупция” беренеси менен айып тагылган. Алар Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Ал эми 14 адам тергөө менен кызматташуу үчүн келишим түзгөнү үчүн, аларга башка айып тагылышы мүмкүн.

Шектүүлөрдүн ичинен Бусурманкул Табалдиев Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>