Бабановду тосуп алуу үчүн тарапташтары “Манас-2” аэропортуна барды

Бабановду тосуп алуу үчүн тарапташтары “Манас-2” аэропортуна барды

Өмүрбек Бабановдун жүзгө жакын колдоочулары аны тосуп алуу үчүн “Манас-2” аэропортуна барды. Бул тууралуу айрым басылмалар социалдык тармактагы баракчалары аркылуу түз эфирден чагылдырууда.

Андагы тасмада чогулгандар аэропорттун имаратына кирүүгө аракет кылып жатканын, ал эми күзөтчүлөр аларды имаратка киргизбей жатканын көрүүгө болот.

Аэропорттун айланасында тартип сакчылары коомдук тартипке көз алууда.

Өмүрбек Бабановдун колдоочуларынын айтымында, ал түшкү саат 14:50дө “Манас” аба майданына конот.

Өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалдан соң Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келүүнү чечкен.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бабанов өлкөгө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>