Болот Темировго кол салууга шектелип төрт адам кармалды – сүрөттөр

Болот Темировго кол салууга шектелип төрт адам кармалды – сүрөттөр

«FactCheck.kg» порталынын редактору Болот Темировго кол салууга шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандар Жалал-Абад облусунун тургундары болгон.

“Кармалгандардын экөө 27 жашта, бирөө 28 жана бир адам 26 жашта болгон. Алар 14-январь күнү саат 07:00 кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө амаларды жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөргө карата кошумча фактылар аныкталса кылмыштын беренеси өзгөртүлөт”, — деп жазылат маалыматта.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен.

Журналист  муну өзүнүн кесиби менен байланыштырган. ИИМ бул факты боюнча «Карактоо» беренеси менен иш козгоп, териштирүү иштерин баштаган.[su_image_carousel source=»media: 18319,18318,18317,18316,18315″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>