Экс-вице-спикер: Раиса Атамбаеванын жашай турган жери жок калса көчөгө туруп элден жардам сурасын

Экс-вице-спикер: Раиса Атамбаеванын жашай турган жери жок калса көчөгө туруп элден жардам сурасын

Раиса Атамбаеванын жашай турган жери жок калса анда көчөнүн кесилишине туруп алып өтүп жаткандардан жардам сурасын. Мындай пикир менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Кубанычбек Исабеков Vesti.kg сайтына бөлүштү. 

Исабековдун айтымында, Раиса Атамбаева «жашай турган  жерибиз жок калды» деп элди алдап, атайын саясат жасап жатат.

«Эл алдында анын сөздөрү жек көрүүнү гана пайда кылат. Атамбаев бир канча жолу мен эң бай адам боломун деп айткан. Анын буга Аскар Акаев «Волга» минип жүргөндө, мен  “Мерседес” айдап жүргөнмүн деген сөздөрү эле жетиштүү деп эсептеймин. Атамбаев паракорчулук тууралу катуу айтчу, бирок, анын уулу энергетикалык компанияны жетектеп, калкка электр энергиясын кайра сатуу менен алектенгени эч кимге жашыруун болгон эмес. Ал акчаны эчтекеден жасап жүргөн.

Өлкөдө болуп өткөн окуялардын бардыгында Атамбаевдин жубайынын деле күнөөсү бар. Ал күйөөсүнө, эми болду, токтот деп айтса болот эле да”, — деген ал.

Башкы прокуратура буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбавке жана анын жакындарынын камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесин жарыялаган.

Ал эми Раиса Атамбаева мурдагы президенттин бөгөт чарасын каралып жаткан учурда бийлик тарабынан алардын туугандарына куугунтук болуп жатканын билдирип, алардын баш калкалай турган жайы жок калганын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>