Эл аралык Олимпиада комитети: Токиодо Олимпиада өз убагында өтөт

Эл аралык Олимпиада комитети: Токиодо Олимпиада өз убагында өтөт

Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-август аралыгында өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучун талкуулагандан кийин ушундай чечим кабыл алды. Комитет спортчуларды мелдешке даярданууга үндөдү.

Келишим боюнча Токио Олимпиаданы жылдын соңуна чейин жылдырууга укугу бар. Бирок оюнду өткөрбөй коюу чечимин Эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат.

Коронавируска байланыштуу айрым спорттук мелдештер өтпөй же көрүүчүлөрсүз өткөндөн кийин Олимпиаданын болор-болбосу суроо жарата баштаган.

Жапон бийлиги Олимпиада үчүн эч кандай коркунуч жок экенин бир нече жолу билдирген. Оюндарга даярдык көрүүгө азыркы тапта эле 12 миллиард доллар жумшалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>