Эртең Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу токтойт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу токтойт

Эртең, 13-августта Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу берүү чектөөгө алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу, саат 9.00дөн 21.00гө чейин Бөкөнбаев, Калык Акиев, Фрунзе жана Манас көчөлөрү менен чектеш аймактарда таза суу токтойт.

«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурап, жарандарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>