Казакстанда коронавирустан көз жумган алгачкы учур катталды

Казакстанда коронавирустан көз жумган алгачкы учур катталды

Казакстанда коронавирус илдетинин адам өмүрүн алган алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Даурен Абаев билдиргенин 24.kz басылмасы жазды.

«Тилекке каршы бүгүн коронавируска чалдыккан бир аял көз жумду. Маркумдун жакындарына көңүл айтабыз”, — деген ал.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 26-мартка карата 109га жетти. Илдетти  жуктуруп алгандар чет өлкөдөн келгендер гана эмес, Казакстанда жүрүп вируска кабылгандар дагы бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>