•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
АНАЛИТИКАКООМ

“Коопсуз шаардын” конкурсу таза өтөбү?

Келе жаткан жума Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүүчү компанияны тандайт.

Аталган комитет экинчи этапты ишке ашыруу үчүн 8-майда тендер жарыялаган. Конкурска катышуу боюнча берилген арыздар 27-июнда ачылып, өлкөнүн бүткүл аймагын көзөмөл камералар менен жабдып чыгуу үчүн 4 чет өлкөлүк компаниядан арыз түшкөнү белгилүү болду.

Алар:

  • “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясы. (Орусия),
  • “Вега” концерни компаниясы. (Орусия)
  • “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы. (Кытай)
  • “ALT Technology LLC” компаниясы. (Бириккен Араб Эмираттары).

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрөгасынын орунбасары Кубаныч Шатемиров, учурда конкурс жүрүп жатканын белгилеп, тендерге катышкан компанияларга карата эч кандай баа бере албастыгын айтты.

Кубаныч Шатемиров

— Учурда тендердик комисия иштеп жаткандыктан конкурстун жыйынтыгы жарыяланмайынча бизде маалымат берүү мүмкүнчүлүгү жок. Мыйзамда да жол берилбейт.

Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дастан Догоев да, сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматтан башка эч нерсени ачыктай албашын билдирди.

Дастан Догоев

— Учурда тендердик комиссия иштеп жаткандыктан бизде маалымат берүү мүмкүнчүлүк жок, мыйзам да жол бербейт. Качан чечим чыгарын айта албайбыз.  Экинчи этаптын айырмасы – өлкөнүн бүт аймагын камтыйт.

Конкурсттун жыйынтыгы чыкса,  жеңүүчү компания түзүлгөн келишимге ылайык жыл ичинде уруксат берүүчү документтерди алуу менен, республика боюнча программалык-аппарат комплекстеринин орнотулушун камсыз кылууга тийиш. Долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн ишке кирет. Анын 266сы стационардык болсо 40 көчүп жүрүүчү комплекс болмокчу.

Талапкер компаниялар жана шектенткен жагдайлар

“Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясы.
Орусиялык бул компания 2008-жылы түптөлгөн. Компания фото жана видео байкоону орнотуу, маалыматты коргоо, байланыш жеткирүү, программалоо жана жөндөө жумуштары менен алектенет.

Бул компания үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында өткөн  “Коопсуз шаардын” биринчи этабы үчүн жарыяланган тендерге да катышкан.

Тизмеде аты расмий аталбаганы менен Орусиялык “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясына өнөктөш болуп “Кыргызтелеком” ишканасы  кошо бараткандыгы белгилүү болду. Биздин агенттикке өздүк булактар билдиргендей, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орунбасары Эшмамбет Аматов аталган компанияны сүрөп жатканы айтылууда.

Эң эле күмөн жараткан жагдай ушунда. Анткени, Аматов тендерди өткөрүп жаткан комиттеттин мурдагы төрага орун басары болгон.  Мунун өзү бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы бар экенин ачыктап турат. Мамлекеттик сатып алуу мыйзамына ылайык, кайсы бир адам бир мекемени жетектеп кеткенден кийин 2 жыл боюу ошол ишкана өткөргөн тендерге катышпоого жана  таасир этпөөгө тийиш.

Эшмамбет Аматов “Кыргызтелеком” ишканасы быйыл да Орусиялык компания менен биргеликте конкурска катышып жатканын РЕПОРТЕР агенттигине ырастаганы менен өзүнүн конкурска тиешеси тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Эшмамбет Аматов

 Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясынын өкүлдөрү менен 3-июлда тааныштым. Ага чейин аларды таанымак турсун көргөн да эмесмин. Мен “Кыргызтелекомго” кызматка келгенге чейин былтыркыдай эле эки компания быйыл да конкурска биргеликте катышуу үчүн келишим түзүшкөн экен. Кызматка келгенде айтышты, макул, катышса-катышсын деп койдум. Мен кайра 12-июлда кызматтан кеттим.

 

“Вега” концерни компаниясы.
Орусиялык “Вега” концерн копаниясы — “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырган компания. Түптөлүү тарыхы 1944-жылга барып такалат.

Ишкана адегенде учактын радиолокациялык тутумун иштеп чыгаруу менен алектенген. Кийинчерээк аба кыймылын башкаруу каражаттарын иштеп чыга баштаган. Жол кыймылы эрежелерин бузууну каттоого алган фото жана видео байкоону орното баштаганына 1 эле жыл болду.

“Коопсуз шаардын” биринчи этабы менен “Вега” компаниясы орноткон камералар 7 эреже бузууну каттайт. Анын баары жол эрежесин бузган автоунааларды гана бутага алган. Арийне, бул деле жол кырсыктарын азайтуу, адам өлүмүн алдын алуу максатын көздөйт дейли. Бирок, долбоордун аталышына толук жооп бере алган, шаар тургундарынын жана коноктордун коопсуздугун, кылмыштуулук ж.б. тармак эске алынбай калгандай. Айып пул төлөй берип тажаган айрым айдоочулар долбоордун негизги максаты айдоочулардын чөнтөгүн кагып, акча табууга багытталган деген пикирди айтышууда.

“ALT Technology LLC” компаниясы.
Бул компания ири мекемелерди телекоммуникациялык жана технологиялык жабдуу менен камсыздап келет. Компания 20 жылдан ашык убактан бери IT кызматы менен камсыз кылып келгенин өздөрүнүн расмий сайтында айтып өткөн.  Бирок, сайтты барактап отуруп кайсы бир шаарды бүтүндөй фото жана видео байкоо менен жабдып чыккан жумушун көрө алган жокпуз.

Айтмакчы, бул компаниянын артында Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркуловдун турары айтылууда. Өздүк булактар “ALT Technology LLC” компаниясынын өкүлдөрү менен Иманалы Саркуловдун жолукканын айтышууда. Эгер бул маалымат чын болсо, анда Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги “өз компаниясына” лоббисттик кылбайт деп эч ким айта албайт. Анан калса жол коопсуздугун караган бул түзүм ишке кирген биринчи этаптагы баардык кемчилик менен артыкчылкты жакшы билет.

Иманалы Саркулов РЕПОРТЕР агенттиги менен болгон аңгемелешүүсүндө өзү тууралуу айтылгандардын баарын четке какты.

Ыманалы Саркулов

— Эгер менин силер айткан компания менен жакындыгым болсо, тиешелүү мекемелер тактай берсин. Мен эч кимге жолуккан эмесмин, азыр эмгек өргүүсүнө чыгып, тээ тоонун башында жүрөм. Коопсуз шаардын биринчи конкурсу өтүп жатканда да мени кайсы бир компаняга жабыштырышкан.

 “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd”  компаниясы.

Бул компания 1997-жылы негизделген. Интернеттеги ачык булактарда Кытайдын бир нече ири шаарында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырганы жазылып турат. Компаниянын аткарган негизги жумуштары шаарларды  фото жана видео байкоо менен камсыздоо аркылуу коомдук коопсуздукту жакшыртуу. Мындан сырткары шаарларды жаңы инфраструктура менен жабдуу жумуштарын аткарат.

Инфраструктура демекчи, өлкөнүн жолдорундагы инфраструктуралык абал мышык ыйлагыдай болуп турганда жолдогу ар бир мамыга камера байлай берүү, элден акча чогулткандан башка эч нерсе чечпейт дегендер бар.

Алардын бири “Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов “Азаттык радиосуна” бул туурлуу кенен маалымат берген.

Шамил Ибрагимов

— Жол инфраструктурасын өзгөртпөй туруп, камераларды орнотуу маселени чечпейт. Сынакка катышкан компаниялардын кимиси утпасынКоопсуз шаардолбоорунун түпкү баалуулугуна жооп бербейт. Анткени камера эреже бузуунун алдын албайт. Ал болгону эреже бузууну гана каттайт. Туура, кайсы бир деңгээлде атайын жасалган эреже бузуунун алдын алат. Бирок көп кырсыктар атайлап жасалбайт. Дүйнөлүк тажрыйбаны алып карасаңыз, адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар адашып кетүүдөн, байкабай калгандан, шашкандан ж.б. факторлордун айынан болот.

Тендер деген сөз коррупция деген сөзгө синонимдешип баратабы?

 Өлкөдөгү эң чоң коррупциялык көмүскө  схемалар тендерлерде жашырылып жатканы акыркы окуялардан кийин көп айтылууда.

Заманбап технологиялар аркылуу өткөрүлгөн сынакта жемкорлук жок деп ойлоп кетесиң. Бирок сынакка чейин эле баары чечилип калганын укканда “тендер деген сөз чын эле “теңин бер” деген сөз тура деп, Момбековдун айтканын моюндоого аргасыз болосуң.

Акыркы эле окуяларды алсак: Транспорт министринин орунбасарынын тендердик комиссиянын төрагасы болуп туруп, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн 520 миң доллар пара сурап, 50 миң доллар пара менен кармалышы. УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун паспорт даярдоодогу тендер чырына байланыштуу  кызматтан кетиши буга жакшы мисал боло алат.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев тендерди ачык өткөрмөйүн бул тармакта коррупция токтобой тургандыгына токтолду.

Абдывахап Нурбаев

— Баардык тендерлер жабык өтүп жаткандыктан ушундай абал болуп жатат. Ошондуктан тендер өткөргөн уюм катышып жаткан компаниялар тууралуу ачык маалымат берип, жарандык коомдун, журналисттердин катышуусу менен тендер өткөргөндө ишеним пайда болмок. Азыр тендер деген сөз коррупция деген сөзгө синоним боло баштады.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн беш жолу тендер жарыяланган. Жети жыл ичинде баардык тендерлер чыр-чатак, соттошуу менен коштолуп келген. Айрым учурда конкурстун үзгүлтүккө учурашына сатып алуу порталынын онлайн системасынын бузулушу шылтоо катары айтылган. Жарандык коом өкүлдөрү долбоордун ишке ашпай келишин тендер учрундагы “соодалашуунун создугушу” менен байланыштырышкан.

Автор: Сталбек Абдижалил 

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *