Кыргызстанда биринчи жолу мусулмандар үчүн үйбүлө куруу агенствосу ачылды

Кыргызстанда биринчи жолу мусулмандар үчүн үйбүлө куруу агенствосу ачылды

Кыргызстанда биринчи жолу мусулмандар үчүн үйбүлө куруу агенствосу ачылды. Компания «Нусра» деп аталат. Аталган компания таанышуу жайын гана түзүп бербестен, үйбүлө куруу тууралуу курстарды да өтөт.

«Нусра» агенствосунун негиздөөчүсү Амаль Миранова. Ал Инстаграм баракчасына агенствону ачууга эмне түрткү болгонун айтып берген.

«Жолдошум экөөбүз мурда көп түгөйлөргө үйбүлө курууга жардам бергенбиз. Эми бул жакшы ишибизди улантып кетүү жана ишибиздин сапаты үчүн үйбүлө куруу агенствосун ачтык», — деп билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>