Орусия бардык авиакаттамдарын токтотот

Орусия бардык авиакаттамдарын токтотот

Орусия бардык авиакаттамдарын токтотот. Бул тууралуу жергиликтүү басыламалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орусия өкмөтү Росавиацияга 27-марттан тарта чет өлкөгө каттаган жана чет өлкөдөн Орусияга каттай турчу авиакаттамдарды токтотууга буйрук берди. Бир гана орусиялыктарды ата-мекенине жеткирүүчү рейстер токтотулбайт.

Чет жерде жүргөн орусиялыктар ата-мекенине кайтуу үчүн 27-мартка чейин «Аэрофлотко» аты-жөнүн тапшыруулары керек. Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги, дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн Орусияга март айынын аягында же апрелдин башында келчү рейстердин тизмегин жарыялады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>