Садыр Жапаров абакка кайтарылды

Садыр Жапаров абакка кайтарылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан соң абакка кайтарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, Жапаров 28-август күнү кечинде Чүйдүн Молдовановка №1 түзөтүү абагына киргизилген.

Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон. Анын тажыйасы 28-август күнү Түп районунун Кең-Суу айылында өткөн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>