Салык кызматы: Жергиликтүү салыктарды өз убагында төлөөдө үлгү көрсөтүүнү талап кылды

Салык кызматы: Жергиликтүү салыктарды өз убагында төлөөдө үлгү көрсөтүүнү талап кылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев салыкчылардан жергиликтүү салыктарды өз убагында төлөөдө үлгү көрсөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Абдалиев бул талапты борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана аймактык салык органдарынын начальниктеринин катышуусу менен болгон жумушчу кеңешмеде айтты.

«Биз өзүбүздүн функционалдык милдетибиз боюнча өлкөнүн бюджетине салыктарды чогултууну камсыз кылууга милдеттүүбүз. Башка жарандар үчүн өзүбүз үлгү болуп, тийиштүү салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөшүбүз зарыл. Ошондо гана биз буларды башкалардан дагы таза абийир менен талап кыла алабыз», – деп белгиледи ал.

Кабыл Абдалиев ошондой эле алардын кол алдындагы кызматкерлерине, жакындарына жана тааныштарына салыктарды өз мөөнөтүндө төлөө зарылдыгы тууралуу бул маалыматты жеткирүүгө чакырды.

Салык кызматынын жетекчиси маалымдагандай, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан учурдагы жуманын аягына чейин салыктарды төлөө зарылдыгы тууралуу бардык мамлекеттик органдарга эскертүү каттары жөнөтүлгөн.

Бул максатта салык органдары 2-сентябрга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү да кезметчилик графигине ылайык иштешет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>