Шашылыш кабар! Текебаев менен Чотонов үй камагына чыкты (видео)

Шашылыш кабар! Текебаев менен Чотонов үй камагына чыкты (видео)

Абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залынан бошотулуп, үй камагына чыкты. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Учурда саясатчылар Биринчи Май райондук соттунун имаратынын алдында соттун чечимин күтүп турган тарапташтары менен жолугушуп жатышат.

Окуяны чагылдырып жүргөн кабарчыбыз, абактан бошотулган саясатчылар «Ата-Мкен» партиясынын башкы кеңсесине барып, билдирүү жасашарын айтты.

Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип,
камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>