•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Таласта 16 жашар кыз зордукталды

Талас облустук милициясы 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу облустук милицянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 22-ноябрдан 23-ноябрга караган түнү болгон.

“Бул кылмышка шектелип 2 адам кармалды. Учурда алар үй камагында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.  Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кыздын зордукталганы аныкталса шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы өзгөртүлөт”, – деди Сарногоева.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *