Манас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон аштыОрусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — УиткоффЧүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалыштыКыргызстан менен БАЭ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулаштыДастан Бекешев күч түзүмдөрүнө карата даттанууларды текшере турган көз карандысыз орган түзүүгө чакырдыӨзгөндө жолду сапатсыз салган ишканага 200 миң сом айып пул салынды
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: Кыргызстанда расмий түрдө курулуш иштери башталды
01.07.2025 | 10:36
КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында долбоордун жүрүшү, техникалык жана логистикалык маселелер талкууланып, бардык тиешелүү органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан аймагы боюнча 304 чакырымды түзгөн эл аралык темир жолдун узундугунда расмий түрдө курулуш иштери башталды.
Бул ири инфраструктуралык долбоор Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорт байланыштарын жакшыртып, жүк ташууну жеңилдетип, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар