Кыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылдыЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырды
Садыр Жапаров Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолукту
01.07.2025 | 11:48
Өлкө башчы Садыр Жапаров 30-июнда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди кабыл алып, эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкуулашкан. Ошондой эле Садыр Жапаровдун алдыда Тажикстанга боло турган сапары тууралуу сүйлөшүшкөн.
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилишин эске салып, эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташты активдештирүү зарылдыгын билдирген.
Өз кезегинде Сирожиддин Мухриддин бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат