Тогуз ай ичинде 526 киши жол кырсыгынан каза болду

Тогуз ай ичинде 526 киши жол кырсыгынан каза болду

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 526 киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов парламент жыйынында Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 9 айында Кыргызстанда 458  адам  жол кырсыгынан каза болгон.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору  каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоор олуттуу эмес жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата айып пулдарынын өлчөмүн азайтуу максатында иштелип чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>