УКМК: «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

УКМК: «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалгандыгын кабарлайт.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган адамдар 25, 27 жаштагы Кырыгзстандын жарандары жана 34 жаштагы чет өлкөнүн жараны болгон.

Аларды тинтүүгө алганда диний адабияттар, аудио жана видео аппаратуралар табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.

Кылмышка шектүү жарандарга карата Жазык кодексинин 313-315-беренелери менен кылмыш иши козголуп, алар УКМКнын тергөө  абагына камалган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 21 экстремисттик жана террордук топтун ишине жана алардын идеяларын жайылтууга тыюу салынган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>