Улуттук банк: Сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок

Улуттук банк: Сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок

Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок. Бул тууралуу 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

«Сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жок. Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат», — деди Абдыгулов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>