Өкмөткө адвокат болгонду токтотуңуз. Депутаттар төрага Дастан Жумабековду тепкиге алышты
14.05.2020 15:19
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар парламентте кош стандарттуулук болуп жатат деп айтышкан. Спикер Дастанбек Жумабеков «парламент жакпаса, эч кимди кармаган жокпуз» деп жооп берген.
Төраганын мындай жообуна эл өкүлдөрү нааразычылыктарын билдирип, спикерге: «парламенттен кетире турчу турчу сиз эмессиз, бизди эл шайлаган. Сиз өкмөткө адвокат болгонду токтотуңуз, өкмөттүн эмес, парламенттин төрагасысыз, улуулардан үлгү алыңыз. Парламентте отурган депутаттардын таламын талашпай, өкмөттүн жактоочусу болуп алдыңыз» дешти.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.