Өлкө аймагындагы бала бакчалар 5-июндан тарта иштеп баштайт

Өлкө аймагындагы бала бакчалар 5-июндан тарта иштеп баштайт

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 5-июндан баштап иштей башташат. Алардын иши, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Өкмөт үйүндө өткөн жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Боронов билдирди.

«5-июндан башталышынын себеби, ага чейин иштей турган уюмдардын даярдыгына текшерүү жүргүзүлүп, ар бир уюмга жекече уруксат берилет. Ал эми бала бакчалардын даярдыгы мэрия тарабынан көзмөлгө алынат”, — деди Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>