•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун жубайы президентке кайрылды

Хадича Аскарова өмүр бою абакка кесилип, түрмөдө отурган күйөөсү Азимжан Аскаров быйыл январда эле күчөтүлгөн режимдеги абактан жалпы абакка которулуу укугу болсо да, эмгиче күчөтүлгөн режимде калып жатканына нааразылыгын билдирген.

Ал Азимжан Аскаровдун оор абалдагы саламаттыгы жакындарын кооптондуруп жатканын, түрмө шартында Аскаров өзү дары жасап, оорусуна каршы күрөшүүгө аргасыздыгын маалымдаган.

Хадича Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго күйөөсү күнөөсүз айыпталып, түрмөдө отурганын, 2015-жылы АКШ мамдепартаменти тарабынан “Эрдиги жана тайманбастыгы үчүн” сыйланганын эскерткен.

Ал Азимжан Аскаровдун кармалган учурунан тартып, кийинки тагылган айыптардын баары ойдон чыгарылган, жалган жалаа экенин бекемдеген. Хадича Аскарова мамлекет башчыдан Конституциянын гаранты катары өлкөдө мыйзамдар сакталышына көзөмөл кылууну жана гумандуулукка барып, күйөөсүнүн мыйзамдуу түрдө эркиндикке чыгуусуна көмөктөшүүсүн өтүнгөн.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *