Өзбекстан Кыргызстанга Унгар-Тоону берүүгө даяр

Өзбекстан Кыргызстанга Унгар-Тоону берүүгө даяр

Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба байланышын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан ээн-эркин өтүшөт.

Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ошол мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш-тартыш жана саясий тирешүү болуп келген Унгар-Тоо аймагын берүүгө даяр.

Мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечет. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен олуттуу жана масштабдуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>