Өзбекстанда эки баштуу сиам эгиз кыздар төрөлдү

Өзбекстанда эки баштуу сиам эгиз кыздар төрөлдү

Өзбекстандын Самарканд облусунда эки баштуу сиам эгиздери жарыкка келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, сиам эгиздери кыздар. Кыздардын тулку бою бир, башы экөө. Денеде бир жүрөк, эки өпкө, бир ашказан жана бир жатын бар экени белгилүү болду. Учурда ымыркайдын абалы туруктуу, тамактануусу нормалдуу, бирок кычкылтек жетишпей жатат.

Самарканд облустук көп тармактуу медициналык борбордун башкы дарыгери Дилшод Рахмонов дүйнөдө бул дарт өтө сейрек кездешерин, мындай дарт менен төрөлгөн балдар 30-50 жашка чейин жашай турганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>