Президенттик шайлоо: Үмөталиева менен Малиев дагы арыз берди

Президенттик шайлоо: Үмөталиева менен Малиев дагы арыз берди

Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева жана «Чет өлкөлөр менен кыргыз достук коомдору» биримдигинин президенти Арсланбек Малиев президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип арыз тапшырышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Арсланбек Малиев 2011-жылы дагы президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берип, бирок кыргыз тили боюнча тесттен өтө албай калып, БШК аны талапкер катары каттоодон баш тарткан. 2017-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары катышып, болгону 0.1% добушка ээ болгон.

Укук коргоочу жана балдардын «Ай-Данек» гезитинин башкы редактору Токтайым Үмөталиев буга чейин төрт жолу прездиенттик шайлоого катышкан. 2017-жылкы шайлоодо жалпы шайлоочулардын 0,09% добушуна ээ болуп, акыркы орунду камсыздаган.

Ушуну менен президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 24 адамга жетти. Буга чейин шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берген Бакыт Бакетаев мурдагы нитенен баш тартып, документтерин кайтарып алган.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>