Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов “Фейсбук” баракчасындагы түз эфир учурунда айтты.
Анын айтымында, Баткен облусунда өтө көйгөйлүү маселелер көп. Аларды чекчүү үчүн облуска өзгөчө макам берүү маселеси каралууда.
Ошондой эле облуска жетекчи болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиев дагы
чек арага байланышкан маселелерди чечүү боюнча сунуш даярдап жатканын айткан.