Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Эртең Садыр Жапаров “Борбор Азия — Кытай” саммитине катышуу үчүн Астанага жөнөп кетет
16.06.2025 | 21:39
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эртең, 17-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган “Борбор Азия — Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн жөнөп кетет.
Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин катышат.
Иш-чаранын алкагында Президент Садыр Жапаров Кытай лидери Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар