Өкмөт: Кыргызстан Ворух анклавына коридор бербейт

Өкмөт: Кыргызстан Ворух анклавына коридор бербейт

Кыргызстан Ворух анклавына коридор бербейт. Мындай пикирин вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди.

Разаков Тажикстан Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып жаткандарын белгиледи.

“Бирок ага коридор бере албайбыз. Анткени ортодо Аксай деген айылыбыз бар”- деди Разаков.

Эгер Ворухка коридор ачылса, Кыргызстан үчүн жаңы эксклавдын ачылышын шартташы мүмкүн экенин вице-премьер кошумчалады.

Жеңиш Разаков чек арадагы чырлар дал ушул маселелердин айланасында да пайда болуп жатат деген пикирин билдирди.

Тажикстанга караштуу Ворух айылы Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан. Бул аймакта 40 миңге жакын адам жашайт.

Баткен районунун Жака-Өрүк айылында 14-сентябрда саат 16:00 чамасында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Аталган аймак Кыргызстандын жери экенин айткан жергиликтүү тургундар тажик тараптын тургундарына шагыл төкпөө керектигин эскертишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>