Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат

Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат

Кыргызстанда май айынын аягында биринчи жолу 15 адамдын боорун, төрт кишинин жилик чучугун алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, операциялар президенттин демөөрчүлүк фондунан каржыланат. Башкача айтканда, бейтап донорду өзү таап, операцияга кеткен чыгымды президент төлөйт.

«Буга чейин бейтаптар боорду чет өлкөгө барып алмаштырып келишчү. Мисалы, Индияда боор алмаштырыш үчүн 55 миң доллар, Түркияда болсо 75-80 миң долларга чейин каражат жумшалчу. Ал эми жилик чучугун алмаштырыш үчүн чет өлкөлөрдө 130 миңден 160 миң долларга чейин турат», — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдө 10дон ашык бейтаптын бөйрөгү алмаштырылып, чыгымын мамлекет төлөгөнүн айтты.

Мындан тышкары, Бейшеналиев учурда гемодиализде жаткан 3 миңге жакын адам бар экенин жана көпчүлүгүнө донор табылбай жатканын айтып, оорулуулардын туугандарына: «колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңөрдү суранат элем», — деп кайрылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>