Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу кеӊешменин жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргенин коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штабдан кабарлашты.
Буга чейин Коопсуздук кеңеши премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык убакытка өзөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштаган.
21-мартка карата өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 12 адамга жетти.
сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков