Өлкө аймагында үч күн туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында үч күн туруксуз аба-ырайы күтүлөт

8-10-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

9-февралда жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлүп жатат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68- 100-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындата турганын ӨКМ эскертти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>