Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Анда белгиленгендей, 7 же андан көп баланы тарбиялаган 1014 энеге «Баатыр эне» ордени ыйгарылат. Ал эми 6 баланы төрөп, өстүрүп, толук кандуу тарбия берген 519 энеге «Эне даңкы» медалы берилет.
2019-жылы Энелер күнүн белгилөө алдында 7 жана андан көп балалуу 1354 эне «Баатыр эне» ордени менен, 6 балалуу 454 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланган.
Айта кетсек, өлкөдө 7 же андан көп баланы тарбиялаган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышат. 7 баласынын бири сот жообуна тартылган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышпайт. Ал эми соттолгондугу жоюлган балдардын энелери «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышат.
2012-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембиси «Энелер күнү» катары кабыл алынган.