Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөт
Новосибирскте «Кыргызстандын товарларынын жумалыгы» жарманкеси өтөт
18.07.2025 | 20:06
Айыл чарба министрлиги азык-түлүк өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды жана соода компанияларын Орусиянын Новосибирск шаарында өтө турган «Кыргыз Республикасынын товарларынын жумалыгы» аттуу жарманкеге катышууга чакырууда.
Жарманке үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын соңу, октябрь айынын башында өтүп, 4–5 күнгө созулат. Иш-чара Новосибирск шаарынын борбордук аянттарынын биринде өтөт.
Министрлик жарманкеге катышуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын билдирди:
- Өнүмүңүздү Орусиянын ири регионалдык рыногунда көрсөтүү;
- Жаңы сатып алуучулар жана өнөктөштөр менен таанышуу;
- Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
«Кыргыз Экспорт» төмөнкү чыгымдарды өзүнө алат:
- Продукцияны Новосибирскке жеткирүү;
- Соода орундарын жана керектүү инфраструктураны камсыз кылуу;
- Жарманкеге сатып алуучуларды тартуу.
Катышуучу орундар чектелүү. Катышуу үчүн жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылуу керек: Султаналиева Жазгүл – Министрликтин экспорт жана интеграция боюнча бөлүмүнүн жетекчи адиси. Тел.: +996 708 709 063
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: жарманке, Новосибирск