Өмүрбек Бабанов: Жапаровго, Ташиевге эки күн мурун жолуккам

Өмүрбек Бабанов: Жапаровго, Ташиевге эки күн мурун жолуккам

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» саясий партиялары «Акыркы үмүт» деп аталган меморандумга кол коюп, Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка сунушташууда.

Мына ушул биригүү тууралуу жарыяланган маалымат жыйында Бабанов бүгүн, эл топтоп Ала-Тоо аянтында митинг өткөрө тургандыгын жарыялады.

Ошондой эле Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен жолукканын, бирок алар сөзүнө турбай жаткандыгын айтты.

 “Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен жолукканбыз. Ошондо Садыр Нуркожоевич алар тынчтыкты сактайлы, элдин тынчтыгы баарынан бийик деген ойлорун айтып, тынчтыкты сактоого чакырган. Мен колдойм дедим. Бирок айтылган сөздү иш менен көрсөтүш керек да. Парламент 2 айга өкмөттү ачык айкын шайласын дедим. Жапаров тилектештиктер менен акылдашайын деп жооп берген бирок алиге чейин жооп келген жок”, — деди Бабанов.   

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>