Өспүрүм балдарга порно видео сатуучу 40 жылга эркинен ажыратылды

Өспүрүм балдарга порно видео сатуучу 40 жылга эркинен ажыратылды

Түштүк Кореяда порнографиялык видеотасмалардын сатуучусу, анын ичине балдарды катыштырган Жо Джу Бин 40 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Ренхап» агенттиги билдирди.

25 жаштагы кореялык жигит жашы жете электерге сексуалдык зомбулуктан жана зордук-зомбулук көрүнүштөрү бар видеотасмаларды таркаткан кылмыштуу топту түзүүдөн коргоо боюнча мыйзамды бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

«Айыпталуучу өзү түзгөн Телеграм канал аркылуу көптөгөн курмандыктарга азгырган жана коркуткан сексуалдык зомбулуктун материалдарын кеңири жайылткан», — деп айтылат өкүмдө.

Мындан тышкары дагы беш адам 7 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө кесилген. Белгилүү болгондой, кылмышкерлер Телеграмда видеотасмаларды сатып жатышкан. Чатка кирүү үчүн, баасы 1200 доллар деп белгиленген. Ошол эле учурда, 100дөн ашуун чат катышуучулары дагы камакка алынган. Жалпысынан, 74 аял кылмыштуу топтун курмандыгы болушкан, алардын 16сы бойго жете элек балдар.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореяда, бойго жетүү курагы 19 жаш деп эсептелет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>