Өткөн жылы Кыргызстандан 7 миң 500 адам сыртка чыгып кеткен. Кайра кайтып келгендердин саны 1 миң 400 болгон. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.
Аталган комиссиянын маалыматына ылайык, Армениянын миграциялык агымы 13,5%га азайган, Казакстандыкы дагы 13.3% азайган, ал эми Кыргызстандыкы тескерисинче 14,3%га жогорулаган.
2018-жылдын декабрь-январь айына салыштырмалуу, 2019-жылы миграциялык калктын өсүүсү Белорусияда — 48.2%, Орусияда – 2,3 эсеге көбөйгөн.