Бүгүн, 30-мартта өз ыктыяры менен түзүлгөн жогорку даражалуу дарыгерлердин экинчи бригадасы бир айга Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына жөнөп кетишти.
Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдиргендей алар аталган облустардагы ооруканаларда эпидемияга каршы дарылоо иш-чараларын аткарууга катышат.
Дарыгерлер министрлик тарабынан бардык керектүү коргоочу каражаттар (костюмдар, беткаптар, көз айнек, колкап ж.б.) ошондой эле иш сапардын аягына чейин тамак-аш менен камсыз кылды.
Иш сапар чыгымдары, негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен , Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, ошондой эле Эпидемиологиялык фонддон кошумча кошумча төлөп берүүлөр жүргүзүлөт.