Өзбекстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдирген.
“Бүгүн эле 4 адамдан вирус табылып, ооруну жуктургандардын саны 6 адамга жетти. Франциядан кайткан аялдын күйөөсү жана анын небереси дагы ооруну жуктуруп алган”, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.
Өзбекстанда коронавирустун биринчи учуру 15-мартта катталган. Франциядан кайткан аялдан вирустун белгилери аныкталып, ал уулу менен кызына дагы ооруну жуктуруп алган. Мындан башка Стамбулдан Ташкентке учуп келген дагы бир адамдан коронавирус табылган.