Өздүк булак: Биринчи Май райондук соту Шадиевдин айрым мүлктөрүн камактан чыгарды

Өздүк булак: Биринчи Май райондук соту Шадиевдин айрым мүлктөрүн камактан чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин камактагы айрым мүлктөрүн чыгарып салды.

Бул маалыматты Reporter.kg` ге өздүк булактар кабарлап, бирок кайсы мүлктөр камактан чыгарылганын ачыктыган жок.

Ал эми чечимге макул болбогон прокуратура өкүлдөрү көзөмөл иретинде соттун жогорку инстанцияларына даттанышкан.

Белгилей кестек, 2019-жылдын сентябрь айында сыртынан 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жакындары анын камактагы мүлкүн чыгарууга аракет кыла башташкан.

 Башкы прокуратура Шадиевге карата  алгач 2018-жылдын апрель айында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы себеп болгон. Андан соң ал 2018-жылдын май айында Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң АКШга качып кеткен.

2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.

Маалыматтарга караганда, камакка алынган «Карвен четыре сезона» эс алуу жайынын уставдык капиталынын 33,33 пайызы Аскарбек шадиевдин аялына таандык.

Төмөндө Шадиевдин камакка алынган мүлктөрү.

  • “Бената” – (уставдык капиталынын 50 пайыз),
  • “Карвен групп” (уставдык капиталынын 50 пайыз),
  • “Ларель” (уставдык капиталынын 50 пайыз),
  • “Боорсок плюс”  (уставдык капиталынын 100 пайыз),;
  • “Тип Топ”  (уставдык капиталынын 100 пайыз),;
  • “Трейд Инвест”  (уставдык капиталынын 100 пайыз),
  • “Континенталь транс сервис”  (уставдык капиталынын 33,33 пайыз)
  • “Аква Инвест плюс” – (уставдык капиталынын 50 пайыз),;
  • “Аква Инвест” – (уставдык капиталынын 100 пайыз),;
  • “Союз Инвест” – (уставдык капиталынын 100 пайыз),;

Мындан сырткары «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү унаасы, эки квартирасы, эки турак үйү,ага таандык бир кеңсе жана банктардагы эсептери камакка алынган.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>