Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
Атасы – милиционер, апасы – журналист. Баткенде үч эм төрөлдү
16.05.2024 | 17:46
Баткенде милиция кызматкери менен журналисттин үй-бүлөсүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын үчөө тең кыз. Кыздардын атасы кенже лейтенант Жаңыбай Урайым уулу Кадамжайда жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү болуп иштейт. Ал 33 жашта. Ички иштер органдарында 2016-жылдан бери кызмат өтөйт.
Кыздардын энеси – Айзирек Маликова. Ал 28 жашта, кесиби боюнча журналист.
Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде үч эм жарык дүйнөгө келгени тууралуу кабарлаган. Келин кесарево жолу менен төрөгөн. Ымыркайлар 2000 грамм, 1780 грамм, 1720 грамм салмакта төрөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом