Өзгөндө адам өмүрүнө кол салган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35 чамасында Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан эки атуул ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Аталган окуя боюнча 130-берененин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде тергөө иштери башталганы кабарланат.
19-мартка караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо 31 жаштагы М.Ш. өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү автоунаасында 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А. менен биргеликте отурганда, аларга белгисиз унаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.
Учурда ыкчам- тергөө тобу тийиштүү иш алып барып жатканы айтылат.