№169 автобустун көзөмөлдөөчүсүнө кол салган жүргүнчү изделүүдө

№169 автобустун көзөмөлдөөчүсүнө кол салган жүргүнчү изделүүдө

Бүгүн Бишкекте №169 автобустун көзөмөлдөөчүсүнө жүргүнчү кол көтөрдү. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалыматка караганда, жаран жол кире акысын төлөгөндүгүн ырастоодон баш тартып, коомдук транспортто ызы-чуу салган. Ал көзөмөлдөөчүнү сөгүп, бетке бир нече жолу уруп, автобустан түшүп, качып кеткен.

Бетинен жаракат алган коомдук транспорттун кызматкери ооруканага жеткирип,  медициналык кароодон өтүүдө.

«Тулпар» компаниясынын өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары кол көтөргөн жаранды издөөдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>